Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунунан ал катышкан интимдик видеону таркатам деп коркутуп, аял 30 миң сом талап кылган

Аял акча алып жаткан жеринен пара менен кармалган

11-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран М.М кайрылып, шантаж жана коркутуу жолу менен андан 30000 сом акча талап кылып,  анын туугандарынын, кыздын интимдик мүнөздөгү.видеолорду таркатам деп коркуткан белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. 

Бул факт Ленин РИИБнин КЖБРдин каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шаардагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштуу топтун ыкчам кызматкерлери тарабынан 15 миң сом акча каражатын алып жатканда, кылмышка шектүү С.С. 1985-жылы туулган кармалган. Ал тергөө кызматына алынып келинген, андан кийин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча иш-чараларын улантууда.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх