Бишкекте "Аю Гранд" соода борбору күйүп жатат (видео)
Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Адамдар эвакуацияланган
Бишкекте Чүй проспектиси менен Чокан Валиханов көчөсүнүн кесилишинде Аю Гранд соода борбору күйүп жатат. Vesti.kg бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Өрт саат 13: 25те токтогону такталды, бирок өрттү толук өчүрүүгө азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.
Учурда аталган жерде эки өрт өчүрүү тобу иштеп жатат. Жабыркагандар жөнүндө маалымат азырынча жок.
Ал арада «СЕЙЧАС KG» телеграмма каналынын окурмандары соода борборунун ичиндегилер эвакуациялангандыгын билдиришти.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
видео«СЕЙЧАС KG»" TG-каналы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз