60 автоунаадан турган кортеж. Токмок графынын тажыясы кандай өттү (видео)
Миллиардер Алиджан Ибрагимов менен коштошууга белгилүү саясатчылар, ишкерлер, спортчулар жана жергиликтүү тургундар келишти
Токмокто миллиардер, Токмок графы аталган Алиджан Ибрагимов менен коштошуу зыйнаты өттү. Видео Instagram социалдык тармагындагы Tokmok_info тобунда пайда болду.
Ибрагимовдун сөөгүн 60 унаа кортежи коштоп жүрдү.
Белгилүү саясатчылар, ишкерлер, спортчулар жана жергиликтүү тургундар Токмок графы менен коштошууга келишкени маалымдалды.
Эскерте кетсек, Алижан Ибрагимов 67 жаш курагында Бельгияда көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал коронавирус менен ооруган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз