Көңүл бургула! Бишкектик Акылбүбү Мундузбаева дайынсыз жоголду
Аял 2019-жылы июнь айында үйдөн чыгып кеткен. Андан бери анын жүргөн жери жөнүндө кабар жок
Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын июнь айында Сокулуктун Ново-Павловка айылындагы Ак-Ордо темир жол станциясынын Салкын-Төр көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен 1964-жылы туулган дайынсыз болуп жаткан Акылбуба Курманалиевна Мундузбаеваны издеп жатат. Чүй облусунун аймагынан дайынсыз жоголгон.
Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай, чачы кара, ийнине чейин.
А.К.Мундузбаеваны көргөндөр же анын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңор, төмөнкү телефондорго кабарлаңыз: 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз