Чүй облусунда эки өспүрүм 19-январда үйүнөн чыгып кеткен боюнча ушул күнгө чейин кайтып келе элек
Милиция кыргызстандыктардан дайынсыз жоголгондорду издөөгө жардам сурайт
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз элинен 19-январь күнү саат 20.00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин кайтып келбеген өспүрүмдөрдү табууга жардам сурайт.
«Вознесеновка айылынын тургуну 40 жаштагы К.М. Панфилов РИИБге 2004-жылы туулган Куаныш Каримжанов жана 2003-жылы туулган Адыл уулу Аргендин жашы жете элек уулдарын издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. 19 январда 2021-жылы болжол менен саат 20.00 чамасында үйүнөн чыгып кетишкен жана ушул күнгө чейин кайтып келишкен эмес.
Куаныш Каримжанов
Белгилери: бою 155-160 см, арыкчырай, кыска кара чач, көздөрү кара. Ал кийинген: башында кара шляпа, кызыл күрмө, кара спорттук шым, бутунда кара кроссовка.
Адыл уулу Арген
Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүшү, кыска кара чач, көздөрү кара. Ал кийинген: башында кара шляпа, жашыл күрмө, ак спорттук шым, бутунда кара кроссовка, жанында кара портфели болгон », - деп айтылат билдирүүдө.
Эгерде кимдир бирөө изделип жаткан адамдарды көргөн болсо же алардын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, анда аларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (701) 43-03-19, 0 (312) 60-79-89, 0 (3137) 51- 4-02.
Чүй облусунун ИИББнын сөз кызматы
Фото www