Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө опузалап пара талап кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

Эки адам Түп шаарынын тургунунан 400 миң сомдон ашык акча жана 2 миң доллар алып кетишкен

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын УККБнын КПКсы ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө опузалап талап кылган деген шек менен ИИМдин ыкчам реестринде турган үч кишини уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 4-февралда Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын УККБнын КПК кызматкерлери Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна бейтааныш жигит Элдияр эки таанышы менен келгендиги тууралуу Түп районуна ыкчам маалымат алышкан.Акча талап кылуу жолу менен 410 миң сом жана 2 миң АКШ долларын ээлеп алган.

Бул факт Түп районунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБРдин каттоосунда жана  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203 статьясы менен "Адамдар тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча опузалап талап кылуу" 2-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сотко чейинки процесстин алкагында тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул кылмышка тиешеси бар шектүүлөр аныкталды. Алар Чолпон-Ата шаарынын тургундары, 22 жаштагы Э.Э. жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун 24 жаштагы тургуну Р.А. кармалды.

  

 

 


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын УККБнын КПКнын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн турган жерин аныктап, камакка алышты.

Пара талап кылууга шектелип кармалгандар сот тарабынан алдын алуу чарасы көрүлгөнгө чейин Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх