Бишкек шаарынын чет жакасында турак үй жарылды. 14 жаштагы өспүрүм каза болду (видео)
Окуя болгон жерге беш куткаруучу, тез жардам кызматы жана полиция кызматкерлери барышкан
Бишкек шаарынын чет жакасында, Аламүдүн районундагы Гагарин көчөсүндө, турак үйлөрдүн биринде газ түтүгүнүн жарылышы болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Департамент жарылуудан 14 жаштагы өспүрүм каза болгонун белгиледи. Анын сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, дагы бир бала жаракат алып, ооруканада. Анын абалы канааттандырарлык.
Жарылуу саат 15:00 чамасында болуп, окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу, тез жардам кызматы жана полиция кызматкерлери келишкен.
Эльдос Казыбеков
Фото Sputnik.kg
Видео ТГ-канал «Короче»
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз