Кыргызстандык УКМКнын сайтын бузууга аракет кылды. Аны аныкташты
Бир жарандын техникалык шаймандарынан чекисттер анын зыяндуу программаны колдонуп, сайтты бузууга аракет кылгандыгы жөнүндө далилдерди табышкан
УКМК зыяндуу программаларды колдонуп, УКМКнын ведомстволук веб-сайтын мыйзамсыз бузууга аракет кылуу фактысын аныктады.
Бул фактКЖБРдин Аске каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Компьютердик маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 305-беренеси (Зыяндуу компьютердик программаларды түзүү) боюнча катталган.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын 1974-жылы туулган жараны "КБТ" аныкталды, анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш-аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер табылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул укук бузуу, ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айыппул же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
УКМКнын пресс-борбору
Фото www