Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: 2015-жылы теракт даярдап жаткан МТК согушкери кармалган

Ал 2015-жылы Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө зыянсыздандырылган жашыруун  ячейканын  курамындагы террористтик багыттагы кылмышы үчүн изделген

16-февралда УКМКнын кызматкерлери Бишкекте издөөдө жүргөн тыюу салынган уюмдун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны С.А.ны кармады.

Кармалган адам МТКнын мүчөсү экендиги жана ал 2015-жылы Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө зыянсыздандырылган жашыруун  ячейканын  курамындагы террористтик багыттагы кылмышы үчүн изделген.

Тергөөдөгү кылмыш ишинин алкагында кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх