Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксы аймагында мыйзамсыз пайдалуу кендерди казуу иштери жүргүзүлгөн

Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин аракетсиздигинин натыйжасында мамлекетке 19 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын суранычы боюнча Аксы районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу адамдары алардын кызмат абалына, кызматтын кызыкчылыгына каршы, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол берген.

Ошентип, Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча региондор аралык администрациясынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундусуна ылайык, аталган айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жана жеке юридикалык жактарга, мамлекетке 19 366 037 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Буга байланыштуу, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардагы ыйгарым укуктарынан аша чабуу) боюнча ЭРППге текшерүүлөрдүн материалдары катталган. кайсы сотко чейинки өндүрүш башталган.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх