Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биологиялык активдүү кошулмалар мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен соода кылган кылмыштуу топ аныкталды

Мыйзамсыз өндүрүүчүлөр- чет мамлекеттин жарандары болгон

Каржы полициясы контрафакттык продуктуларды - биологиялык активдүү кошулмаларды (диетикалык кошумчалар) өндүрүү үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок жер астындагы цехти аныктады.

Бул факт КЖБРдеде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин "Мыйзамсыз ишкердик" беренеси боюнча кылмыштын негизинде катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Бишкек шаарынын аймагында Донской тилкесинде жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чараларынын жүрүшүндө контрафакттык продукттарды - диеталык кошумчаларды өндүрүүчү жер астындагы цех табылып, анда антисанитардык шарттарда төмөнкү продукциялар жасалган: "Омега 3-6-9", "Гүлдүн уну", "Зире майы", "Зайтун майы" жана башкалар.

Негизги уюштуруучулары аныкталды - чет мамлекеттин жарандары болгон А. жана С.
Издөө жеринен заттык далилдер (идиштер, этикеткалар, даяр продукциялар) алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«Урматтуу жарандар! Эгерде сиз жасалма контрафакттык продукцияны мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу фактылары, мыйзамсыз ишкердик иш-аракеттердин же укуктарды бузуунун башка фактылары, ишкердүүлүккө кысым көрсөтүү, административдик тоскоолдуктар же коррупциялык фактылар жөнүндө билсеңиз, анда 1955 түз номери аркылуу ЭКККМКга кайрылсаңыз болот.

Ошол эле учурда, биз контрафакттык өнүмдөр өлкөнүн экономикасына гана эмес, жарандардын ден-соолугуна да коркунуч келтирээрин белгилейбиз », - деп айтылат билдирүүдө.

ЭКККМКтин басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх