Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөндө унаа мечитке барып сүзүлгөн

Кырсыктан бир киши өлүп, дагы жетөө жабыркаган

Андан бир күн мурун, 1-мартта Өзгөндө  Тойота Эстима унаасы катуу ылдамдыкта бетон тосмону сүзүп кирип, мечиттин имаратына сүзүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен кошо сегиз адам жаракат алды. Жүргүнчүлөрдүн бири каза болду. Бул Ноокат районунун тургуну Т.Ж.уулу болуп чыкты.

Ош облусунун Жол кайгуул кызматы Vesti.kg сайтына кырсыктын чоо-жайы жөнүндө айтып берди.

"Кырсык Өзгөн шаарынын Бишкек-Ош эл аралык жолунун 264-чакырымында, Мирзарахимов көчөсүндө болгон", - деп билдиришти башкармалыктан. - Наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында, Тойотанын айдоочусу кырсык болгон учурда мас эмес абалда болгон. Тергөө кырсыктын себептерин аныктайт.

Дастан Советбеков
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх