Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын АКСи "Финполдун" бөлүмүнүн башчысын кармады

ЭКККМКнин кызматкерлери ири суммадагы акчаны адалдоо жана Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схеманы уюштурушкан. 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин өлкөдөн 59,5 млрд сом чыгарылган

Мындан бир күн мурун, 2021-жылдын 1-мартында,  УКМКнын АКС кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча КЖБРде те катталган сотко чейинки процесстин алкагында, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы “К.ны кармашты

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, жөнөкөй адамдар менен тил табышып, ири суммадагы акчаны адалдоо жана Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталды.

Ушул мыйзамсыз иштин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин 59,5 миллиард сом Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган, ал эми салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашышы мүмкүн.

Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Учурда, бул коррупциялык схеманы уюштурууга жана ага колдоо көрсөтүүгө катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх