Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кармалган Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын башчысы 24-апрелге чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Биринчи Май райондук соту Шаирбек Бопоновдун баш коргоо чарасын узартты

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Шаирбек Бопоновго камакка алуу түрүндөгү профилактикалык иш-чаранын мөөнөтү 2021-жылдын 24-апрелине чейин узартылды. Тиешелүү чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 17-февралда кабыл алынган.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында УКМКнын кызматкерлери Актилек-Автожол көзөмөл-өткөрүү пунктунда жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен туруктуу түрдө 500дөн 5000 сомго чейин акча каражатын жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан алышкан. 

Ошентип, 24-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИБдин Жол-кайгуул кызматынын үч инспектору кармалган - "М.Т.М.", "Ш.Р.М.", "А.С.А." Эртеси Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын башчысы, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов дагы ушул коррупциялык схемага катышкандыгы үчүн кармалган.

Шаирбек Бопонов УКМКнын СИЗОсунда камакта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх