Кара-Суу районундагы юбилейде эки аял ууланып каза болду
Абалы оор бир жабырлануучу Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча саат 14: 30да Ош облусундагы ооруканаларга тамак-аштан ууланган жалпы 13 бейтап жаткырылды. Алардын ичинен 2 жабырлануучу (50 жана 58 жаштагы аялдар), жандандыруу иш-чараларына карабастан, Ош шаардык ооруканасында жана Кара-Суу кургак учуктун жугуштуу оорулар бөлүмүндө каза болушкан.
Учурда бир жабырлануучу Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалды дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышат. Ал ИВЛге туташтырылган.
Калган 10 жабырлануучу Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды - алардын абалы туруктуу жана оор. Баарына тийиштүү дарылоо жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, иш-чарага катышуучулардын ичинен дагы 15 адам жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.
Буга чейин коноктордун массалык уулануусу Кара-Суу районунда аялдын мааракесинде болгондугу маалымдалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Фото www