Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксы районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды иттер тытмалап салган

Кароосуз калган үйдөн өлүгү табылган ымыркайдын ата-энеси азырынча аныктала элек

Жалал-Абад облусунун Аксы районунан жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылды.
 Алдын ала маалыматтар боюнча, ымыркайдын денесин жолбун иттер тытмалап кеткен. Азырынча баланын ата-энеси табыла элек.

Окуянын чоо-жайы жөнүндө Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

- 10-мартта  РИИБге Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургундары тарабынан кароосуз калган үйлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн, - деп билдиришти милициядан. - Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, бети тытылган баланын денесин табышкан. Бул факт Аксы РИИББда катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Дастан Советбеков
WWW Сүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх