Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жабыркагандар жана кыйроолор жок
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 14-мартта саат 10: 17де Ысык-Көл облусунун аймагында эпицентринде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жер титирөө Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 3,5 балл, Төрт-Көл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 балл, 2,5 балл күчү менен сезилди. Тоң районунун Ак-Сай, Коңур-Өлөң айылдарында 2,5 балл.
Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз