ЦУМдун жанында бир адам уулун унаага таштап кеткен. Бала сыртка чыгып, адашып кетти
Бишкек шаарынын ПМК кызматкерлери жоголгон баланы атасына кайтарып беришти
Бир күн мурун, 17-мартта Патрулдук милициянын инспекторлору Шопоков көчөсүндө көзөмөл жүргүзүп жатып, ыйлап жаткан баланы көрүшкөн.
Бишкек шаарынын ПМК кызматкерлери баланын атасы аны унаага таштап кеткенин аныкташып, ал ЦУМга барган, андан кийин уулу унаадан чыгып, адашып калган.
Милиционерлер дароо атасын издей башташкан жана ЦУМ соода борборунун радио борбору аркылуу адамды табышкан.
Өз кезегинде баланын атасы Бишкек ПМКнын инспекторлоруна ыкчам жооп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
ПМК Бишкек басма сөз кызматы
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз