Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөн районунда белгисиз адамдар унааны аткылашкан. Экөө каза болду (видео)

Милициянын айтымында салондогу  үчүнчү жаран жабыркаган эмес

Өзгөн районунда белгисиз адамдар унааны аткылашкан. Жаракаттын натыйжасында эки адам каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Окуя болгон жерден тартылган видеону "Кыскача" Телеграм каналы жарыялаган.

Милициянын маалыматы боюнча, 19-март түнү саат 03:35 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ок атуучу курал колдонуу менен болгон окуя боюнча билдирүү түшкөн. Өзгөн аймактык ооруканасына эки адам алган жаракатынан улам каза болду деген маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үчөө "Honda Inspire" үлгүсүндөгү унаада отурушкан, белгисиз адамдар унаага келип, ок чыгарышкан, андан кийин алар окуя болгон жерден качып кетишкен. Жыйынтыгында алган жаракаттан улам эки адам ооруканага жетпей көз жумган, үчүнчүсү жаракат алган эмес. Учурда, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам-издөө тобу түзүлдү. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

 

Канышай Балкыбекова
Видео «Короче»

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх