Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бейбаштар бычак менен коркутуп, Пакистан жарандарынын телефондорун жана акчаларын тартып алышкан

Сотко чейинки процесстер башталды

Мындан бир күн мурун, болжол менен саат 03.00 чамасында, 102-линияда Ала-Тоо аянтында белгисиз адамдар азиат түспөлүндөгү үч-төрт адам  физикалык күч колдонуп, бычак менен коркутуп, эки iPhone телефонун жана Пакистандын үч жаранынан 2 миң сом өлчөмүндөгү акча, андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

 

Чакыруу менен келген Патрулдук милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышып, анын жүрүшүндө  1995-жылы туулган Р. у. Б.,1994-жылы туулган А. у. Т. , жана 1996-жылы туулган  Р.У. Н., кармалган. Алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне жеткирилген.

 

Бул факт КЖБРде катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси "Каракчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

ПСКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх