Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык студент. Маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүдө туугандарына жардам берилет

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги бул маселени көзөмөлдөп турат

Кытайда кырсык болуп, анын кесепетинен КЭРдин университеттеринин биринин студенти, 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Б.М. каза болду.

Консулдук жооптун алкагында Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин кызматкери тез арада Шанхайга жөнөтүлүп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн, ошондой эле кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси иштелип чыккан.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары кырсыктын чоо-жайын териштирип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги бул маселени көзөмөлдөп турат. Өлгөн адамдын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүдө, ошондой эле элчиликтин компетенциясына кирген башка зарыл жардамдарда Кыргыз Республикасынын жаранынын туугандарына жардам көрсөтүлөт.

ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх