Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин 7-кичи районунда кыз эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес

ИИМ жарандардан дайынсыз жоголгондорду издөөгө көмөктөшүүнү суранат

Көңүл бургула!

Бир күн мурун Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына бир жаран Б.М., анын сиңдиси 2003-жылы туулган Бапиева Альбина Бакытбековнаны издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыз ошол эле күнү эртең менен 7-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес, учурда анын жүргөн жери белгисиз.

Белгилери: бою 165 см, арыкчырай, чачы күрөң.

Анын үстүндө кызыл күрмө, жинсы шым жана кара бут кийим жана кара рюкзак болгон.

 

«Урматтуу жарандар! Эгерде сизде Альбина Бакытбековна Бапиеванын турган жерин аныктоого салым кошкон кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, анда төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюңуз: 0 (553) 102-189, 0 (500) 099-900, 0 (312) 544-184 жана 102 ", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх