Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда 17 жаштагы кызды үйлөнүү максатында ала качып кетишкен (сүрөт)

Бул жолу милиция тез арада үч шектүүнү кармады.

Жайыл районунда никеге туруу максатында жашы жете элек кызды уурдап кеткен үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылы 11-апрелде Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жергиликтүү тургуну кайрылып,  анын 2003-жылы туулган кызын белгисиз адамдар никеге туруу максатында уурдап кетишкенин айткан. .

"Бул факт КЖБРдин каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталган", - деп белгилешти ведомстводон. - Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган С.А., 1998-жылы туулган Ш.Б. жана 1999-жылы туулган С.М. кармалган.

 

 

 

Учурда, жашы жете элек кыз Т.Г. ата-энесине кайтып келди.

Сотко чейинки процесстер улантылат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх