Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги балдар аянтчасында калган баланын энеси табылды. "Шаарды жакшы билбейт"

Аялдын айтымында ал дааратканага барган, кайра келгенде бала ордунда жок болуп чыккан

Анын энеси кичинекей баласына келген, аны Бишкектеги милиция 3-кичирайондогу балдар аянтчасынан таап алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Кыялбек Талипов билдирди.

Укук коргоо органынын кызматкеринин айтымында, учурда аял үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүндө, ал тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатат.

- Эненин айтымында, ал шаарды жакшы билбейт, - деди милиционер. - Улуу кызынын ичи ооруп, экөө кичүүсүн балдар аянтчасына калтырып, даараткана издеп жөнөшкөн. Алар кайтып келишкенде, бала ордунда жок болуп чыккан.

Эске сала кетсек, бир күн мурун, 12-апрелде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекторлору 3-кичи районундагы балдар аянтчасында азиат түспөлүндөгү 2 жаштагы баланы  табышкан.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх