Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргыздар ары жылгыла". Москвада этникалык негизде чыр чыкты (видео 18+)

Жаңжалдан кийин кыздардын биринин бети көгөрүп калган

Социалдык тармактарда Москва шаарында жашаган аялдар менен эки кыздын ортосундагы чыр-чатакты чагылдырган видео тарады.

Видеонун автору Саруна Ринчинованын айтымында, ал досу экөө отургучта отурушкан, андан кийин эки аял киелип, аларды сөгүп башташкан.

Бизге:« Жылгыла кыргыз бетиңерди жылдыргыла»дешип, биздин жаныбызга отуруп калды, - деп жазган ал. - Биз бир, эки жолу унчуккан жокпуз, андан кийин кемсинте баштады: "Ооба, биз Москвада туулдук, видеого тарт тарта бер, силер паспортторду сатып алгансынар" ж.б. Биз кетип жатканда бирөөсү кызды үстүнөн басып, аны четке тээп, шылдындаган .

Көңүл буруңуз! Видеодо ыплас сөздөр камтылган.

 




Андан ары видеодон аялдардын бири кантип кызга физикалык күч колдонгонун көрө аласыз: "чуркалар".

"Москвадан эмессинер " деди орус жараны. - Кайдан келдиңер? Кытай? Япония? Инфекцияны ушул жерге алып келдинер.

Ошондой эле ал курбусу чыр-чатактан кийин чекеси тытылганы белгилүү болду.


Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх