Чыңгыз Айтматовдун жубайы каза болду
Мария Айтматова 80 жаш курагында көз жумган
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жарыялады.
«Улуу жазуучунун жубайы Мария Урматовна Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун үй-бүлөсүнө чын жүрөктөн көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун »деп жазган.
Мария Урматовна 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз