Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто аял күйөөсүнүн акчасын коротуп, өзүн тоноп кетти кылып оюн уюштурган

Маалым болгондой, жаран сценарийди мурунку күйөөсү менен пландаштырган

2020-жылдын 29-декабрында жергиликтүү тургун Э.Г. тоноо фактысы боюнча милицияга кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, курал-жарак менен беткап кийген эки белгисиз адам анын батирине кирип келип, физикалык күч колдонуп, колун аркан менен оозун скотч менен байлап, 5 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны тартып алышып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты КЖБР каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси "Каракчылык" боюнча катталган. Сотко чейинки процесстер башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды.

 

Каракчылыкты жабырлануучу мурунку күйөөсү менен биргеликте уюштурганын Чүй облусунун ШИИБсинин Токмок КМКсы  кызматкерлери аныкташты. Милиционерлер экөөнү тең райондук милиция бөлүмүнө алып барышты. Э.Г. жана С.О. тергөө учурунда алар бардыгын мойнуна алышып, кылмыштын сценарийин алдын ала талкуулап, ролдорду өз ара бөлүштүрүп алышкандыгын айтышты. Көрсө, ал аял акчаны өз муктаждыгына жумшап, акчаны чет жакта жүргөн азыркы жолдошу жөнөткөн экен. Ага бул жөнүндө айтуудан коркуп, Э.Г. өзүнө каракчылык кол салуу фактысын сахналаштырган.

 

Тергөө иш-чаралары улантылып, анын жыйынтыгы боюнча акыркы чечим кабыл алынат. Материалдар сотко жөнөтүлөт.

Чүй облусунунИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх