Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайда каза болгон студенттин сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

Андан ары үйдө жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди

Бүгүн эртең менен кырсыктан улам каза болгон студенттин сөөгү Кытайдан Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, сөөктү андан ары көмүү үчүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Кыргыз Республикасынын Пекиндеги элчилиги баланын туугандарына тиешелүү консулдук жана укуктук жардамдарды, ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардамдарды көрсөттү.

Белгиленгендей, жол-жобо катуу карантиндик чектөөлөрдүн шартында, ошондой эле эл аралык түз авиакаттамдардын жоктугу шартында жүргүзүлгөн.

Эске салсак, 31-мартта 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Б.М. КЭРде кырсыкка кабылып каза болгон. Ал Кытайдын университеттеринин биринин студенти болгон. Консулдук жооптун алкагында Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин кызматкери тез арада Шанхайга жөнөтүлүп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн, ошондой эле кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси иштелип чыккан.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх