Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерди 2 миллион сомго чыгым кылды

Кылмыштуу топтун өкүлү тыбытты өндүрүү шылтоосу менен акчаны алып, дайынсыз жоголгон. Ал Нарын облусунун аймагынан кармалган

Бишкек шаарындагы райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматында КЖБРге катталган алдамчылык фактысы боюнча материал өндүрүштө.
Ички иштер органдарына арыз менен ишкер кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Аныкталгандай, тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 000 000 сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгымды келтирген.
Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жаран Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх