Баткен районунун үч айыл округунда чек арада атышуудан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген
Тажикстан менен чек арада кырдаал курч бойдон калууда
Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарынын аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы курч кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Vesti.kg бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө тастыктады.
- Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн чечимине ылайык, үч айыл аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди, - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Эскерте кетсек, бүгүн Баткен облусунун чек ара аймагында, тактап айтканда Баткен районунун Көчө-Бою аймагында болжол менен 4 саат 40 мүнөттөн баштап кырдаал курчуп кетти. Буга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Тажик тараптан атышуу мезгил-мезгили менен уланып келет.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www