Чек ара чатагы: Лейлек районунда да атышуу башталды
Самаркандек жана Көк-Таш айылдарында тажик тараптын тик учактары көрүндү
Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Vesti.kgнин маалыматын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Алардын айтымында, атышуу Лейлек районунун Максат жана Кулунду айылдарында башталган.
Ошондой эле, тажик тараптын тик учактары Самаркандек жана Көк-Таш айылдарында көрүнгөндүгү белгиленди.
Лейлек районунун тургундары Исфанага жакын жердеги коопсуз аймакка эвакуацияланары маалымдалды.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз