Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен күйүп кетти
Баткен районунун чек ара айылдарынан 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Чек арага жакын аймактарда атышуу маал-маалы менен уланууда
Чек арага жакын аймактарда атышуу маал-маалы менен уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Облустук администрациядан билдиришкендей, Лейлек районунун чек ара айылдарынан 13500 адам коопсуз аймакка эвакуацияланган. Мындан тышкары, 7093 адам Баткен районунан Баткен шаарына көчүрүлдү.
Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары адамдарга жардам беришет. Гуманитардык жардам жеткирилет.
Белгиленгендей, Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен күйүп кетти. Мындан тышкары, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Сада жана Максат айылдарында жана Жаштык айыл аймагынын Жаштык, Борбордук жана Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куюучу жайлар катталды.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы
сүрөт www