Баткенде 19 жаштагы футбол машыктыруучусу каза болду
Султанбек чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун катарында болгон
Баткенде чек арадагы куралдуу жаңжалда футбол машыктыруучусуказа болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Футбол Бирлиги расмий сайтында билдирди.
19 жаштагы Султанбек Абдибахап уулу Нур-Баткен футболдук клубунда (Баткен облусу) ойноп, "D" лицензиясынын машыктыруучусу болгон жана ошондой эле жаштар чемпионатынын матчтарында калыстык милдетти аткарган.
Кыргыз Футбол Бирлиги Абдибахап уулу Султанбектин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кыргыз Футбол Бирлиги
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз