Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лебединовкада супермаркеттин жанынан кызды уурдап кетишти (видео)

Милиция кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактады. Алар анын аркасынан  кетишти

Бүгүн кечинде Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанында кызды уурдап кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2001-жылы туулган кыз бүгүн арыз менен Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, кечээ саат 23:00 чамасында супермаркеттин жанынан белгисиз адамдар «Тайота- Камри "үлгүсүндөгү унаага анын сиңдисин салып уурдап кетип, дайынсыз болушкан.

Бул факты КЖБРге катталып, сотко чейинки процесстер башталды.

Белгиленгендей, кызды ала качкан адамдын өздүгү буга чейин аныкталган. Учурда милиция кызматкерлери уурдап кеткен адамдын жашаган жерине жөнөп кетишти.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх