Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

14 жаштагы өспүрүм Ысык-Көл облусундагы үйдүн короосунан асынып калган жеринен табылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, бала өз жанын кыярдан мурун чоң атасы менен урушкан

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында үйдүн короосунда асынып алган 14 жаштагы өспүрүмдүн денеси табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"6-май күнү саат 14:00 чамасында Кара-Ой айылынын үйлөрүнүн биринен 2007-жылы туулган бала асынып калгандыгы аныкталды", - деп милициядан билдиришти. - Экспертизада баланын жанынан зордук-зомбулуктун изи табылган жок. Өспүрүмдүн туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Бул факт КЖБРге катталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Ички иштер башкармалыгы баланын ата-энеси ажырашып кеткенин маалымдады. Апасы Бишкекте жашайт, ал эми өспүрүм атасы, чоң ата, чоң энеси менен чогуу жашаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өзүн-өзү өлтүрүүдөн мурун чоң атасы менен урушкан.

 сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх