Көңүл бургула! Бактыгул Саякбаев дайынсыз жоголду (сүрөт)
Жаран 24-апрелде үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес
Ысык-Ата РОВДсы ушул жылдын 24-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 1972-жылы туулган Саякбаев Бактыгул Аскеровичти издеп жатат.
Белгилери: бою 165-170 см, орто денелүү, чачы кара, кыска, көздөрү күрөң.
Ал кийинген: кара-ак түстөгү чаар ала жолдору бар футболка, көк спорттук шым, бутуна көк сланцы. Өзгөчөлүктөрү: арт жагынын сол жагында 5 смлик тырык бар.
Изделип жаткан адамды көргөн же анын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгон ар бир адамдан төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну суранабыз: 0 (312) 61-69-07, 0 (708) 10-21-10.
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз