Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 4 айда бажы кызматкерлери тарабынан миң мыйзам бузуу аныкталды

Отчеттук мезгилде бюджетке кошумча киреше 99 миллион сомдон ашты

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1000 укук бузуу фактысы аныкталды, анын ичинен:
- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 911 факт катталып, козголгон иштер боюнча 3 841 500 сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 20 181 571 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 89 факт катталган жана 48 738 740 сом суммасында келтирилген зыян өндүрүлгөн.
Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 288 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.
2021-жылдын 4 айындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 99 050 286 сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 134.1% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 427 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1000 фактыны түзгөн.


Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 82,1% га же 35 676 705 сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 4 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 54 373 582 сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 99 050 286 сомду түздү.

МБЖнын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх