Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдовановкадагы колониядан эки туткунду качууга аракет кылуусу ок атуу менен аяктаган

Качкандардын бири октон каза болуп, экинчиси кармалган

Кечээ кечинде Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинен эки соттолуучу башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Түзөтүү мекемелерин коргоо департаментинин аскер кызматкерлери эскертүү иретинде ок чыгарышкан. Ок атуунун натыйжасында бир соттолуучу каза болуп, экинчиси камакка алынды.

Соттолгондор өзгөчө оор кылмыштар (адам өлтүрүү, жашы жете элек кыздарды зордуктоо) үчүн жазаларын өтөп жатышкан. Качкандар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылды.

Ыкчам тергөө тобу качып кетүү аракети боюнча тергөө ишин баштады.

Бул факт КЖБРде катталган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх