Милиция кызматкерлери Ысык-Атадагы пансионатта эс алуу учурунда бычакташкан мушташтын катышуучусу болушту
Бейбаштык аракеттеринин фактысы боюнча текшерүү башталды
Бир күн мурун, 30-майда Ысык-Ата РИИБге Чүй облусунун Ысык-Ата курортунун аймагындагы бейбаштык фактысы жөнүндө билдирүү түшкөн.
Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык)беренеси боюнча катталды. Сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, пансионатта эс алып жүргөндө бир нече кишинин ортосунда мушташ чыккан. Эки катышуучу Бишкектеги ооруканага бычак менен жабыркап жана денеге келтирилген жаракаттар менен барган. Белгилүү болгондой, чыр-чатактын катышуучуларынын арасында Бишкек шаарынын УПСМдин кызматкерлери болгон. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Чүй облусунун ИИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www