Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда өрт кырсыктарынын саны 50 пайызга көбөйдү

Материалдык чыгым 343 миллион сомду түздү

2021-жылы беш айдын ичинде (01.01.2021-31.05.2021) республикада 1302 өрт чыккан (2020-жылы - 869). Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 49,8% га көбөйгөн, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

 

Материалдык чыгым 343 миллион сомду түздү (2020-жылы - 146 миллион). Өрт учурунда 24 адам каза болгон (2020-жылы - 8), 31 адам жаракат алган (2020-жылы - 13). 10 адамдын өмүрү сакталып калды.

 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өрт кырсыктарынын көпчүлүгү турак жай секторунда болуп, 66,1% ды түзөт. Турак жай секторунда 860 өрт кырсыгы катталды (2020-жылы - 490). Материалдык чыгым 153 миллион сомду түздү, 17 адам каза болду (2020-жылы - 7).

ӨКМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх