Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башына ок атып алган чек арачыга операция жасалды

Аскер кызматкеринин абалы өтө оор

Башына ок атып алган чек арачыга операция жасалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Операцияны өткөрүү үчүн Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери келишти. Чек арачынын абалы өтө оор. Ал реанимацияда жатат.

Эске салсак, 1-июнда ок атышуу кыргыз-тажик чек арасында болгон. УКМК Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алдын-ала маалыматтар боюнча, Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен УКМКнын СС бир аскер кызматкери ошол жерде каза болуп, экинчиси жаракат алган.

Жабырлануучу оор абалда, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх