Америкада үч кыргызстандык жоголду
Былтыртан бери аларды таппай жатышат
Америкада үч кыргызстандык жоголду. Алар 2020-жылдын июнь айынан бери табыла элек. Бул тууралуу алардын туугандары социалдык тармактарда билдиришти.
Алардын айтымында, 42 жаштагы Насипа Дүйшөнова, анын 10 жаштагы кызы Ализе Дүйшөнова жана 81 жаштагы чоң энеси Токтосия Курманбекова дайынсыз болуп жаткан.
«Кыргызстандын элчилиги жана АКШдагы укук коргоо органдары аларды таба алышкан жок. Алар жөнүндө жок дегенде бир маалыматка ээ болгондордун баарынан төмөнкү номерлерге кайрылууну суранабыз: +996 (700) 05-13-68, +8 (525) 60-63-693 ”, - деп жазышат туугандары.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз