Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн-1де сууга чөгүп бара жаткан кызды сактап калган адам Бишкек шаарынын мэринин м.а. дан грамота алды

Шаар башчысы Залкарбек Сулаймановго эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди

Бишкек шаарынын мэриясында кызды сактап калган жаран Залкарбек Сулаймановго сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Борбордук муниципалитеттин ардак грамотасын Мэрдин милдетин аткаруучу  Бактыбек Кудайбергенов тапшырды. Ал камкор жаранга кайраттуулугу жана жигердүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, окуя 10-июнда Аламүдүн-1 кичи районунда болгон. Андан кийин жолдон өтүп бараткан адам каналдан агып бара жаткан кызды сактап калган.

Урматтуу жарандар! Балдарды суу объектилеринин жана каналдардын жанында кароосуз калтырбоону суранабыз. Өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!

Бишкек шаардык мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх