Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда өнөктөшүнүн өлүмүнө шектелип бир адам кармалды

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш мас абалында жубайлардын ортосунда чыккан чырдын негизинде жасалган

Чүй облусунда өнөктөшүн өлтүрүүгө шектелип бир адам кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 30-июнда Чүй райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жайыттардын биринде аял өзүн-өзү атып салды деген билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери келгенден кийин, 1976-жылы туулган У.Н.нын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери табылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде КЖБРде катталган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип өлтүрүлгөн 1976-жылы туулган аялдын жарандык күйөөсү Т.О.кармалган.

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш мас абалында жубайлардын чабан болуп иштеген жайыттарынын биринде урушуп кетишинин негизинде жасалган.

Учурда кылмышка шектүү Чүй облусунун ОВД убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх