Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конспирация. Ош облусунда МАИ кызматкери кол алышып пара алып жаткан жеринен тасмага тартылды (видео)

Жол кайгуул кызматы бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат деп жооп берди.

Жол кайгуул кызматынын инспектору айдоочудан кол алышуу жолу менен пара алып жаткан жеринен видеого тартылган. Тийиштүү видеону жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.


Кадрларда жарандын инспектор менен кол алышып, ошол эле учурда акчаны, болжолдуу түрдө, кантип тапшыргандыгы көрсөтүлгөн. Андан ары, ушул эле "операцияны" МАИ кызматкери дагы бир адам менен жүргүзөт.

Vesti.kg сайты Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясынын басма сөз кызматы менен байланышып, алар бул материал боюнча кызматтык иликтөө башталды деп жооп беришти.

Белгилүү болгондой, видео Ош облусунда тартылган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх