Сузак районунда сел жүрүп, алты жаштагы кыз каза болду (сүрөт)
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга 50 куткаруучу тартылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагынын Достук жана Чангыр-Таш айылдарында сел жүрдү. Турак үйлөрдүн короолорун жана Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун суу каптады. Сел алты жаштагы кызды алып кетти. Баланын сөөгү табылды.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга 50 куткаруучу тартылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз