Некролог. Прокуратуранын ардагери Кубанычбек Шатенов каза болду
Кечээ, 21-июлда 65 жаш курагында прокуратуранын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Кубанычбек Шатенов көз жумду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Кубанычбек Касымбекович 1955-жылы 19-декабрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун Ош прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп баштаган.
1982-1994-жылдары Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын прокуратураларында ар кандай жооптуу кызматтарда иштеген.
1994-1996-жылдары - Көк-Янгак шаарынын прокурору, 1996-2000-жылдары - Талас облусунун прокурору, 2000-2001-жылдары - Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы. 2001-2003-жылдары Башкы прокуратурада бөлүмдүн прокурору, бөлүмдүн улук прокурору, 2003-2008 - Каракол шаарынын прокурору, 2008-2012 - Башкы прокуратурада бөлүмдүн улук прокурору, башкы прокурордун жардамчысы болуп иштеген. . 2012-2016-жылдары - Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2016-2018-жылдары Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.
Андан кийин прокуратуранын ардагерлеринин катарын толуктады.
Мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон жеке салымы, кызматтык милдеттерине ак ниет мамилеси үчүн, ал бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Кубанычбек Касымбекович кесипкөйлүктүн, жогорку милдетти сезүүнүн жана берилгендиктин үлгүсү болгон.
Сүрөт www