Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө болгон жол кырсыгынын күбөлөрү жол тандабас унаанын айдоочусуна кол салууга аракет кылышты (видео)

Жол кайгуул кызматы кырсык болгон учурда Лексус LX470 унаасынын айдоочусу мас абалында болгонун белгиледи

Беш адамдын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү кырсыктын күбөлөрү Lexus LX470 унаасынын айдоочусуна кол салууга аракет кылып, милиция кызматкеринен аны адамдардан жашырбоосун талап кылышкан. Видеону өзүнүн Telegram каналындагы баракчасына жарандык активист Болот Ибрагимов жарыялаган.

Видеодо окуянын күбөлөрү Lexus LX470 унаасынын айдоочусу мас абалда болгонун айтышууда.

Тасмада, милиция кызматкерин бир топ жарандар тегеректеп алышып, айдоочуну кайтарып берүүнү талап кылып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми кызматкер айдоочудан өч алуу үчүн ортолорунда жаңжал чыгып кетпөөсү үчүн аны башка унаага отургузуп койгон.
Күбөлөр ага мындай иш-аракеттер татыксыз экендигин билдиришип, жол тандабас айдоочуну берүүнү талап кылышкан. Ал эми милиция кызматкери аларга айдоочуну берген маалда, анын кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Анын кийимдери жол кырсыктан кан болгонбу же кимдир бирөөлөрдүн колу тийгенби азырынча белгисиз.

Ал ортодо, Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына жол кырсыгынын айдоочусу жол кырсыгы болгон учурда мас абалында болгонун тастыктады.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленди. Учурда окуянын себептери такталууда.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх