Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жүргөн селдин кесепетинен үйлөрдү суу каптады

Жерине өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы барды
Аймакта тазалоо иштерин 15 куткаруучу жүргүзүүдө

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көлдө сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

-Бүгүн, саат 04.30дар чамасында Балыкчыда жана Кескен-Бел ашуусунда, Тоң районунун Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү »,-деп билдиришти башкармалыктан. - Ички жолдор жана арыктар кум шагылга толгон, турак үйлөрдү суу каптоодо. Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун 35-чакырымында жолдун айрым бөлүктөрү селден жабыркаган. Көлдүн түндүгү боюнча жол ачык.
Маалым болгондой, ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев менен ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башчысы Замирбек Жумагазиев окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын 15 куткаруучусу, 2 атайын техника жана ӨКМдин Тоң аймактык башкармалыгынын 20 куткаруучусу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар жок.

Сүрөт www
 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх