Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад каналында өспүрүм сууга чөгүп кетти

Издөө иштери уланууда

Өспүрүм Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, 8-августта саат 13:00 чамасында Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылы аркылуу өтүүчү Кемпир-Абад каналына 2006-жылы туулган өспүрүм чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Маалым болгондой, издөө иштерине ӨКМнин 5 кызматкери, 26 куткаруучу жана бир суучул тартылган.

Белгиленгендей, бүгүн эртең мененки саат 07: 20да издөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх